Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Чоң-арыктык спортчулар Филиппиндеги бокс боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болушту

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылынын спортчулары өспүрүмдөр арасында өткөн бокс боюнча Азия чемпионатына катышып, коло медалга ээ болушту.

Маалым болгондой, чемпионат ушул жылдын 1-августунан 7-августуна чейин Филиппиндин Пуэрто-Принсеса шаарында өттү. Ага 18 өлкөдөн тандалган 138 жаш мушкер катышты. Аталган чемпионатка Чоң-Арык айылынын эки спортчусу — Айдар Орозкулов жана Дастан Околбеков барып келишти.

А.Орозкулов 57 кг салмакка чейин, ал эми Д.Околбеков 66 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, жыйынтыгында экөө тең коло медалды багындырды.

Спортчулар аталган чемпионатка демөөрчүлөрдүн жардамы менен барышкан. Чүй облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы спортчуларга демөөрчү болгон Москва районунун жетекчиси Талай Иманкуловго жана Чоң-Арык айылынын тургуну, жеке ишкер Алтынбек Мамбеталиевге ыраазычылык билдирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 566
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×