Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусу 28.08.2017 17:17

Чүй облусунун мугалимдеринин август кеңешмеси өттү (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облусттук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кеңешмеде билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыктары, 2016-2017-жылдагы жетишкендиктери, ийгиликтери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жардамы аркылуу Кыргызстандын «Мугалимдердин статусу жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы талкууланды.

Август кеңешмесине өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Солтонбекова катышып, билим берүү тармагы боюнча бир топ пикирлерин айтты.

«2016-2017-жылдары Чүй облусунун билим берүү мекемелеринин окуучулары ийгилик жаратып, көптөгөн кароо-сынактардан байгелүү орундарды алып, бизди кубандырды. Быйылкы жылы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп, жакында 14 бала бакча ачылат, анын үчөөсүн 1-сентябрда ачалы деп турабыз. Мындан тышкары президент А.Атамбаевдин катышуусунда Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жаңы мектеп ачылат. Азыркы мезгилде облус боюнча 323 орто мектеп, 192 бала бакча бар, алар жаңы окуу жылына толугу менен даяр», - деп билдирди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында, жакшы көрсөткүчтөргө жетип, инновациялык ыкмалар менен иш алып барган билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мактоо баракчалар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×