Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк мугалим А.Исакова 3 күндүк наристесин сыртта унуткан бойдон бир күн бою сынак тапшырган (фото)

Turmush -  Айгүл Исакова Москва районундагы Петровка айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 1965-жылы төрөлгөн. Ал мектепте да, жогорку окуу жайда да жакшы окуган. Айгүл эже студенттик кезинде 3 күндүк наристеси менен жолдошу сыртта күтүп отурганын эсинен чыгарып, бир күн кечке сынак тапшырган экен. Ардактуу мугалимдин кызыктуу жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ата-энем өмүр бою мугалим болуп иштешкен. Атам дагы Аң-Арык орто мектебинин директору болуп иштесе, апам 40 жыл математика сабагынан мугалим болуп иштеген. Алты бир тууганмын, алардын ичинен ата-энемдин жолун жолдоп, билим берүү тармагын тандаган мен эле болдум. Билим берүү тармагында иштеп келе жатканыма 35 жыл болуп калды. Анын ичинен 5 жыл мугалим болуп иштесем, 13 жыл завуч жана 17 жылдан бери мектеп директору болуп эмгектенип келем», - деди ал.

Ардактуу мугалим музыкалык педагогикалык училищаны 1982-жылы аяктап, 1985-1990-жылдары орус тили жана орус адабияты боюнча мугалимдик кесипке ээ болгон.

«Училищаны бүткөн жылдардан кийин Петровка орто мектебинде 1,5 жыл иштеген соӊ, Сокулук районунун Жал айылына турмушка чыктым. Ал жактан Жал орто мектебинде 12 жыл эмгектенип, кийин Орок орто мектебинде иштеп келе жатам. Окуп жүргөндө бир окуя такыр эсимен кетпейт. Анда жогорку окуу жайда окуп жаткан кезим. Экинчи кызым төрөлүп калды. Үч күн төрөт үйүндө жатып, ал жерден чыгарым менен институтка жөнөдүм. Экзамен бериш керек болчу. Ал кезде чөнтөк телефон жок. Сыртта жолдошум унаада 3 күндүк кызыбызды карап, эртеден кечке мени күтүптүр. А мен сабакка берилип, экзамен менен алышып жүрүп, сыртта 3 күн мурун жарык дүйнөгө келген кызым менен жолдошум күтүп отурганын такыр унутуп коюптурмун», - деди ал.

Ал 2006-жылы «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

«2017-жылы мектептеги рекетчиликти жойгондугум үчүн ИИМдин "Азамат" аттуу 3-даражадагы төш белгиси менен сыйландым.

Жолдошум 26 жыл укук коргоо органдарында иштеп, учурда ардактуу эс алууда. Бирок, мектепке барып, окуучуларга сабак берип иштейт. Мен ушул кесипти тандаганыма ыраазымын. Жолдошум экөөбүз бактылуу үй-бүлө куруп, 1 уул, 2 кызды тарбиялап, 4 неберелүү болдук», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 870
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу