Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Арашандык А.Мустапаева кыргыздын унутта калган эжигей тамагынын жасалышын көрсөттү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын тургуну Айша Мустапаева кыргыздын унутта калган тамак-аштарын жакшы жасайт. Ал мындан сырткары, кол өнөрчүлүк менен алектенип, шырдак жасаган мыкты чебер катары көпчүлүккө таанылган. Айша апа аймактык кабарчыга эжигей тамагынын жасалышы тууралуу айтып берди.

«Кыргызда эжигей ата-бабадан келе жаткан ыйык тамак катары бааланчу. Бирок кийин унутулуп кетти. Алтургай укпагандар да бар экен. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жасап барат элем деп, «Кийиз дүйнө – көчмөн руху» долбоорунун уюштуруучуларынын бири Айдай Асанкуловага айтсам колдоого алды. Жайында экөөбүз видеого тартып, эжигейди 7 саат кайнаттык.

Бул улуттук тамакты атайын Чуӊкурчак жайлоосуна барып жасадык. Ал тамакты жасоодо алгач ууз эмген козунун жумурун ачытып коет. Негизи койдун сүтүнөн жасалат. Бирок биз койдун сүтү аз болуп калгандыктан уйдун сүтүн да коштук. Ал сүттү 1 казанга куюп, жумурду казандагы сүткө айлантат. Айланта берсеӊ ал бир заматта уюп калат. Уюгандан кийин түтүкчө куурайларды алып, туш тарабынан сайып коюу керек. Ал түтүкчөдөн жумурдагы сары суу чыгып турушу керек. Андан соң аны былкылдатып 7 саат кайнаттык. Ошону менен эжигей тамагы бышып, өтө даамдуу болду. Атайын үйрөнгөнү келгендерге да абдан жакты. Кыргыздар бул тамакты кой төлдөп, козулар чоӊойуп калганда жасашчу. Бала кезимде үйдөн апаларым, эжелерим жасап калчу эле. Ошондо эсимде калган экен», - деди ал.

Айша Мустапаева 1956-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлгөн. Анын 2 уул, 1 кыз жана 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 548
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×