Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Фото - Ысык-Атадагы «Нооруз» лыжа базасына жакын жердеги 15 гектардай кургак чөп өрттөндү

Turmush -  Ысык-Ата айыл аймагынын Нооруз айылындагы 15 гектар аянттагы кургак чөптөн өрт чыгып, күйүп кетти.

ӨКМдин маалыматына караганда, аталган өрт кырсыгы лыжа базасына жакын тоолуу аймакта болгон. Кургак чөптөр кечээ, 27-августта болжол менен саат 14:00 чамасында күйүп баштаган. Бул өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын оперативдүү тобунун 5 кызматкери, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын 50 кызматкери, ӨКМдин куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 80 адамы, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынын 16 адамы жана токой чарбасынан 12 кызматкер тартылды.

Учурда 112 кызматкер аталган аймактагы кырдаалды көзөмөлдөөгө алып, 4 чатыр тигишти. Өрттү өчүрүүгө жалпы 235 адам жана 7 өрт бригадалары тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 278
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу