Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 61 жаштагы А.Мустапаеванын шырдактары чет элдиктердин үйлөрүндө салынып турат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын 61 жаштагы тургуну Айша Мустапаева бала кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Анын жасаган 3 миӊден ашуун шырдактарынын теӊ жарымы көптөгөн мамлекеттерге жетип, чет элдиктердин үйлөрүндө, музей, көргөзмөлөрдө илинип турат. Ата-энеси жана 3 бир тууганынан эрте ажырап, жалгыз калган Айша апанын бул кол өнөрчүлүгүн кичүү уулу улантып жатат. Аймактык кабарчы уз-чебер апа менен таанышты.

Ал Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 1956-жылы 15-февралда төрөлгөн.

«Менин атам чоӊ уста болгон. Колунан көрү төгүлүп, темирден, күмүштөн ар кандай буюмдарды, ат жабдыктарды жасачу. Апам дагы ишмер болгон. Ошол бала кезден аларга жардам берип, аралашып жүрүп кол өнөрчүлүктү үйрөндүм. Мектеп курагымда эле шырдак, туш кийиз жасаганды билчүмүн. 10-классты ошол Казыбек айылындагы мектептен аяктагам. Жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби, ал учурда ата-энем, 3 бир тууганым да кайтыш болуп, мен жалгыз калгам. Азыр кудайга шүгүр, балдарым, кыздарым бар. Атадан калган кол өнөрчүлүк өнөрдү улантып, менден кичүү уулум улап баштады. Улуу неберем да кийимдин үлгүсүн, сүрөттөрүн чиймелеп калат. Ушул небереме биздин өнөрүбүз ооду окшойт деп калам», - деди ал.

Ал баш-аягы 3 миӊден ашуун шырдак жасап, анын көбү чет өлкөлөргө кеткен.

«Мен бир топ жерде кол өнөрчүлүк менен иштедим. «Кыял» бирикмесинде 25 жыл иштеп, ортодон жеке ишкерлер менен иштешип жүрдүм. Негизи кол өнөрчүлүктө баарын эле жасай берем. Бирок ушул шырдакка көбүрөөк ооп кеттим. Жасаган эмгектерим Франция, Австралия, мурунку Голландия, Швейцария, Нигерия, Америка жана башка көптөгөн өлкөлөргө кетти. 2002-жылдары Динара Чоочунбаева шырдакты ЮНЕСКОго кабыл алган жылдары бир конференцияга алып кеткен. Менин жасаган эмгектерим чет жерде көргөзмөлөрдө, музейлерде турат деп угам», - деди кол өнөрчү апа.

Айша апа 1975-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылына турмушка чыккан.

«1975-жылы Арашан айылына турмушка чыктым. Бирок балдарым кичине кезинде эле жолдошум каза болуп калды. 2 уул, 1 кыз жана 3 неберем бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1350
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×