Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Токмоктук мушкер М.Жусупов 52 жолу беттешке чыгып, анын кырк үчүн жеңип алган (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын жаш мушкери Максат Жусупов 52 жолу мелдештерге чыгып, анын кырк үчүн жеңип, 9 беттеште утулуп калган. Ал Токмок шаарында 2002-жылы жарык дүйнөгө келип, жаштайынан спортко жакын өскөн. Аймактык кабарчы жаш спортчу менен таанышты.

«Мен спорт менен 3 жылдан бери машыгып келем. Эӊ алгачкы мелдештерге катышарым менен ийгиликтерди багындыра баштагам. Алсак, 2015-жылы Чүй облусу боюнча өткөн бокс мелдешинде 2-орунду жеӊип алгам. Андан соӊ, 2015-жылы Таластагы эл аралык мелдешке катышып, 3-орунду багындырдым. Ушул эле жылы Казакстанда өткөн мелдешке барып, ал жактан 2-орунду алып, 2016-жылы кайрадан Казакстанга барып атайын наам менен сыйланып келгем. Ал эми, 2016-жылы Нарын облусунда өткөрүлгөн мелдеште 1-орунду, 2017-жылы Кыргызстан чемпионатына тандоо туру болуп, анда 3-орунду багындыргам. Жакында эле, Каракол шаарында өткөн бокс мелдешинде да 3-орунду ээлеп келдим», - деди ал.

Жаш мушкер келечекте олимпиада оюндарынын чемпиону болууну көздөйт.

«Мен учурда Токмок шаарынын №3 орто мектебинде билим алам. Жалпы 52 жолу беттешке чыгып, анын кырк үчүн жеңип, 9 беттеште утулуп бергем. Башында 34 кг салмак менен чыксам, андан кийин 36, 38, 40, 44, 48 кг салмакта беттешке чыктым», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 831
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×