Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Цирк кызматкери Е.Руденко Жеки Чандай шамдагай болду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын тургуну Евгений Руденко 18 жылдан бери цирк тармагында иштеп келет. Ал Кытай, Россия өңдүү мамлекеттерде иштеп, белгилүү актер Жеки Чандай шамдагай болууга аракет кылган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Евгений Руденко 1983-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында төрөлгөн.

«Мен цирк тармагында эмгектенип келе жатканыма 18 жылдын жүзү болду. Бала кезде каратэ искусствосу менен алектенчүмүн. Ал убакта Жеки Чан, Ван Даммдын тасмалары эл арасында популярдуу болуп, биз да калтырбай көрчүбүз. Жеки Чандай шамдагай болом деп 1999-жылы цирк ийримине акробатиканы үйрөнүүгө барып калдым. Бизди Андрей Веселов аттуу мугалим үйрөнүп, сабак өтө баштады. Жакшылап секиргенди үйрөнсөм эле кетем деп жүрүп, ушул күнгө келдим. Учурда Кант шаарындагы маданият үйүнүн цирк ийримин кайрадан жандандырып, 1-сентябрдан тарта каалоочуларды кабыл алууну баштаганы турабыз», - деди ал.

Евгений Руденко иштеген ишинен чоң эргүү аларын кошумчалады.

«Эгер адам өзүнүн жан дүйнөсүнө туура келген кесипти аркалап, аны менен тыным албай иштесе чоң эргүү алат. Мен да өз ишимден эбегейсиз чоң эргүү алам. 2002-жылы Кытайдагы, 2004-жылдан 2014-жылга чейин Россиянын Москва шаарындагы цирктерде иштедим. Ал эми 2015-жылдан бери Владимир жана Алина Садырбаевалардын жетектөөсүндө уюшулган агенттикте шоу балеттин солисти, цирк кызматкери болуп эмгектенем», - деди ал.

Цирк кызматкери үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. «Билимим орто. Үй-бүлөлүмүн, жубайым дагы циркте актриса болуп эмгектенет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 862
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×