Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Он Бир-Жылгадагы мектепке биринчи жолу жаңы терезелер коюлуп жатат (фото)

Turmush -  Чүй районунун Он Бир-Жылга айылындагы мектептин терезелери жаӊыртылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Ильичбек Сыдыков билдирди.

«Биздин айылдагы Абдыкерим Керимбаев атындагы орто мектеп 1980-жылы ишке берилген. 37 жылдан бери терезелери чирип, кооптуу болуп калган. Быйыл дем берүүчү грант менен жаңы терезелер коюлуп жатат. Буюрса сентябрдын биринен тарта окуучулар терезеси жаӊыртылган мектепте окушат», - деди ал.

Мектептин терезелерин алмаштырууга 1 млн 800 миӊ сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 535
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×