Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Саяпкер У.Кушчиев казак башчысынын иниси кармаган жылкынын тукумун таптап жатат (фото)

Turmush -  1986-жылы Сокулук районунун Биринчи май айылында төрөлгөн Улан Кушчиев 5 жашынан тарта ат чаап, жылкыга жакын өскөн. Ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси кармаган асыл тукум тулпардан тараган күлүктөрдү ат чабышка камдап, таптап жатат. Аймактык кабарчы сокулуктук саяпкер менен таанышты.

«Менин ата-тегим ат чаап, күлүк таптаган экен. Мен да алардын жолун жолдоп 5 жашымда эле ат чаап, жылкыга жакын өстүм. Тайлар таза кандуу болсо алардын баалары 2 миӊ доллардан өйдө бааланат. 2 жаштагы тулпарлар суутулуп даярдалган болсо 5 миӊ доллардан өйдө болот. Ал эми, жеӊишке чыгып жүргөн атактуу күлүктөрдүн баалары өтө эле кымбат. Атты таптаган киши ар дайым жылкы менен жүрүшү керек. 2-3 жыл ат таптап жүрүп, кийин турмуш шарттын айынан алыстап кеттим. Учурда 2 жакшы бээм бар. Бирөөсү Казакстандын президенти Н.Назарбаевдин инисинин эл аралык мелдештерге чыгарып жүргөн айгырынан тараган жылкы. Аны ишкерлер Сокулук районуна тукумга деп алып келишкенде мен бээмди алып барып тукум алып калгам. Бээмдин апасы француз аттарынын таза кандуу тукумунан. Атасы дончак тукумунан болот. Негизи тулпарлар көп чабылып, жашы өтүп калганда баалары арзандап калат. Аны бир гана тукум алууга сатып алышат. Азыр бир тулпарымды ат чабышка камдап жатам.

Район арасында өткөн мелдештерге чыгып, кой, торпок, тай, акчалай сыйлыктарды алып жүрдүк. Азырынча чоӊ байгелерге илине элекмин. Ага шарт керек. Мындан сырткары, сүттүү уйлар, койлор бар. Букаларды байлап ишкерлерге сатып турам», - деди ал.

Саяпкер үй-бүлөлүү, жубайы экөө жакында наристе күтүп жатышат.

«Өзүм Биринчи май айылынын четинде турам. Короом кенен болгондуктан мал кармаганга ылайыктуу. Ипподромго да жакын жашайм. Ал жерге аттарымды машыктырып турам. Асыл тукум аттарымдын арасында жарым таза кандуу орлов тукумунан бир жылкым бар. Аны торпок жана улак тартышка түшүүчүлөр кызыгып сурап жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 811
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу