Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Токмоктогу жол кырсыктан айдоочу каза болду

Turmush -  Токмок шаарынын аймагындагы жол кырсыктан айдоочу каза болду.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, Бишкек—Торугарт унаа жолунун 57-чакырымында «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру В37-95 Е) менен «Фольксваген Пассат Б3» унаасы бетме-бет кагылышкан. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу К.В. (жашы такталып жатат) кырсык болгон жерде көз жумду.

Куткаруучулар жабыркагандарга жардам көрсөтүп, окуянын чоо-жайын тиешелүү органдардын өкүлдөрү тактап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 425
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу