Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Эл ичи — өнөр кенчи: М.Карыпованын салттуу музыканы жандандырууга кошкон салымы (фото)

Turmush -  Салттуу музыканы жандандыруу менен дастанчылык өнөрдү бирге алып жүргөн 34 жаштагы ырчы Мээрим Карыпова сахнага алгачкы жолу 4-классында аттанган. Аймактык кабарчы ырчы менен таанышты.

Мээрим Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Торпок айылында 1983-жылы төрөлгөн. 1989-жылы 1-класска Ленин атындагы орто мектепке барып, аны 2000-жылы бүткөн. Ушул эле жылы Кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүндө Улукмырза Полотов жана Роза Аманованын колунда тарбия алган. Окуу жайды 2007-жылы бүтүрүп, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине мугалим болуп кирген. Андан сырткары, 2014-жылдан тарта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы «Эл ырчысы Эстебес» тобунда эмгектенип келет. Ал үй-бүлөдө 5 бир тууган.

«Мен бала кезден эле ырдап келем, 6-класстан баштап Р.Амановадан билим алдым. Талант мага чоң атам тараптан келсе керек. Айылдагы ата-апалардын оозунан укканым боюнча чоң атабыз согуштан келбей калган экен. Ал согуш мезгилинде ыр, кат жазуу менен айылга болгон, мекенге болгон кусалыгын билдирип турчу экен. Ошондой эле, чоң атабыз бала кезден кыргыздын кара жорго бийин жакшы бийлеген киши деп айтышат. Балалык кезим Ак-Торпок айылы менен тайларым жашаган Сокулук районунун Асылбаш айылында тоодо өттү.

Таякелерим айтып калат, тоого чыгып колума кашык кармап, чачымды жайып алып аябай берилип ырдачу экенмин. Учурда салттуу ырлар менен дастанчылыкка басым жасап келем», - деди М.Карыпова.

«Бир ирет чоң сахналардын биринде ырдап жатып, полго такам кирип такалып калды. Бир орундан жыла албай калгам. Аягында эңкейип бут кийимимди полдон жулуп алып басып кеткеним эсимде (күлүп).

Бала кезден ыр жазып, обон жаратам. Репертуарымда комуз менен аткарган ырларым көп, 10дон ашык клиптерди тарттырууга жетиштим. 4-класста комузду колго кармап сахнага чыкканым эсимде. Ошондо Т.Сатылгановдун санат-насыят ырын ырдап чыгып, баш байгени жеңип алгам. Ошондон тартып сахнага чыгып ырдап калдым», - деди ал.

Ырчы учурда 1 уул, 1 кыздын энеси. 15 жылдан бери түтүн булаткан жолдошу Ысык-Көлдүн кулуну, учурда аскер кызматкери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу