Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Токмоктук жаш мушкер М.Ибраимов Филиппиндеги Азия чемпионатында коло медаль тагынды (фото)

Turmush -  «Баатыр туулса эл ырысы, жамгыр жааса жер ырысы» дегендей кыргыздын эр-азамат спортчу уул-кыздары өлкөнүн намысын чет жерден коргоп, желегин желбиретип келишет. Жакында эле Филиппин мамлекетинин Манила шаарында бокс боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Азия чемпионатында Мухтарбек Ибраимов өлкөнүн намысын коргоп, Кыргызстандын байрагын бийик көтөрүп, коло медалдын ээси болду. Анын машыктыруучусу Төлөгөн уулу Данияр менен аймактык кабарчы маектешти.

- Данияр мырза, биринчиден жеңиш кут болсун. Мелдеш кандай өткөнү тууралуу айта кетсеңиз.

- Мелдешке катышуу үчүн бизде каржы маселеси биринчи орунда турат эмеспи. Бул мелдешке барууда бизге көптөгөн адамдар акчалай жардам көрсөтүп, дем-күч беришти. Биз алардын ишеничин актадык деп ойлойм. Ал эми таймаш тууралуу айтсак, Мухтарбек 50 кг салмактагы атаандаштары менен күч сынашты. Беттешүү өтө кызуу өтүп, Мухтарбек күчтүү делген атаандаштар менен беттешип, жеңишке жетүү үчүн болгон күч аракетин жумшады. Бул мелдешке биз бир жыл бою тынбай даярданганбыз, эми ошонун акыбети кайтып коло медалдын ээси болдук.

- Мухтарбектин атаандаштары ким болду?

- Биринчи таймашта ал Бириккен Араб Эмираттарынан келген спортчу менен, ал эми экинчи таймашта Кытайдын спортчусу менен беттешип, жарым финалда Таиланддын спортчусун жеңип, коло медалдын ээси болду.

- Жакынкы аралыкта кандай пландарыңыз бар?

- Алдыда бокс боюнча жаштар арасында өтө турган Кыргызстандын чемпионаты бар, ошого кызуу даярданабыз. Ал таймашта биринчиликти алса, 2018-жылы боло турган Азия чемпионатына жана олимпиадалык оюндарга барып калышы ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 372
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу