Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: От менен бийлеген К.Шварц Казакстандагы ырчылардын концертине катышты (фото)

Turmush -  Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 22 жаштагы тургуну Карина Шварц 4 жылдан бери от менен бийлеп, элге өнөрүн тартуулап келет. Ал мындан сырткары сүрөт тартканды, кийим тиккенди жактырат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен ЭЭМ жана комплекстүү система боюнча билим алып чыккам. Бул кесиптен тышкары графикалык дизайн боюнча кызматты да аркалап жүрөм. Бирок кадимки жарыктар жана от менен байланышкан шоу-долбоорлорду жетектөөнү, чыгармачылык менен алектенүүнү жактырам. Бул шоу-долбоор 2014-жылы түзүлдү. Мындай иш менен 2013-жылдан бери алектенем. Алгач биз жалаӊ машыгуунун үстүндө жүрдүк. Учурда бул багытта такшалып, жарык жана от менен оюн көрсөтүү үчүн инвентарды өзүбүз жасап, кийиле турган атайын кийимдерди да өзүбүз тигебиз. Кыскасы бардык ишке өзүбүз чуркайбыз. Университеттен алган билимдин бул долбоорго чоӊ пайдасы тийди. Электроника жана программалар менен тааныш болгонум үчүн инвентарды жана күйгөн костюмдарды жасоодо кыйынчылык болгон жок. Графикалык дизайн боюнча кесибим да керекке жарап, жарнама кылууда жана долбоорду алдыга жылдырууда чоӊ пайдасы тийди», - деди ал.

Каарманыбыз от менен бийлеп, Казакстандагы белгилүү ырчы Кайрат Нуртастын концертине катышып келген.

«Биз тайпабыз менен көптөгөн иш-чараларга, концерттерге катышып жүрөбүз. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында өз өнөрүбүздү көрсөтүп, Казакстанда Кайрат Нуртастын концертинде от менен бийлеп чыктык. Былтыр Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында дагы өз өнөрүбүздү элге тартууладык. Биз көрсөткөн бир жолку шоу болжол менен 6 миң сомдун тегереги болот», - деди бийчи.

Карина Шварц келечекте чет өлкөлөрдөгү сынактарга катышууну каалайт.

«Менин атамдын аты Алик болсо, апамдын аты Ирина. 2 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим бар. Жигитим экөөбүз бул долбоорду чогуу алдыга сүйрөп, бири-бирибизге жөлөк болуп келебиз. Келечекте өнөрүбүздү элге кеӊири тартуулап жана чет өлкөдө өткөн сынактарга барып катышсак деген тилегибиз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 628
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×