Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк А.Дүйшөкеева 15 жылдан бери чеберчилик менен алектенет (фото)

Turmush -  Чүй районунун Кең-Булуң айылынын 65 жаштагы тургуну Апаркүл Дүйшөкеева 15 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен киреше табат. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Анын айтымында, кол өнөрчүлүктү апасынан үйрөнгөн.

«Кол өнөрчүлүк менен алектенгениме 15 жылдан ашып калды. Кайын сиңдим экөөбүз ишти бир койдун жүнүнөн баштаганбыз. Бул өнөрдү өзүмдүн апамдан үйрөнгөм. Апам колунан көрү төгүлгөн иштүү киши эле. Кичине кезимден эле кийиз кантип жасала турганын, жүн менен иштегенди үйрөттү. Пенсияга чыккандан кийин кызым Чынара ар кандай оюнчуктарды, балдардын топуларын, баштыктарды тигүүнү демилгеледи. Алардын баалары 300 сомдон 1200 сомго чейин», - деди ал.

Чебер айым учурда кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү. Жолдошу 1982-жылы жол кырсыгынан каза болуп, 2 баланы жалгыз өстүргөн. Учурда 6 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 733
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу