Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: 14 жаштагы И.Алиев дзюдо боюнча Сокулуктагы мелдеште алдыңкы орунду багындырды (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 14 жаштагы тургуну Имтузулло Алиев 5 жылдан бери спорттун самбо жана дзюдо түрү менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен спортко атам аркылуу келдим. Атам Лутфулло Алиев самбо боюнча спорттун чеберине талапкер. Көп жыл спорт менен машыгып, бир топ ийгиликтерди багындырган. Мен да атамдын жолун улап, самбо жана дзюдону тандап алдым. Беш жылдын аралыгында бир топ эл аралык беттештерде жеӊүүчү болдум. Жакында эле, Сокулук районунун Белек айылында өткөн дзюдо боюнча мелдеште 46 кг салмак менен алдыңкы орунду багындырдым. Келечектеги максатым — дүйнөлүк олимпиадага катышып, Кыргызстандын намысын коргоп келсем дейм», - деди ал.

Жаш спортчу учурда Кара-Балта шаарындагы №4 мектептин 9-классында билим алып жатат.

WhatsApp Image 2017-08-10 at 19.52.05

WhatsApp Image 2017-08-09 at 12.36.51

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1027
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×