Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Суусамырда 3 кичи ГЭС куруу пландалып жатат

Turmush -  Суусамыр өрөөнүндө үч кичи ГЭС куруу пландалып жатат. Жайыл райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, бул долбоорду чет өлкөлөрдөн тартылган инвестиция аркылуу каржылап, райондун өндүрүш тармагын өнүктүрүү аракеттери улантылууда.

Маалым болгондой, жакынкы арада «Кыргыз Металл» ЖЧКнын резервуардык парктын пайдаланууга берилиши күтүүлүүдө. Районго чет өлкөлөрдөн 15 млн долларга жакын инвестиция тартуу планы да каралган. Ошондой эле, «Кара-Балта шаарындагы таза суу жана канализация системасын оңдоп-түзөө» долбоорун ишке ашырууга даярдыктар көрүлүп жатат. Бул долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 5 млн евро деп белгиленген. Анын ичинен 2 млн евро өлчөмүндөгү каражат насыя түрүндө берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 803
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×