Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Видео - Ысык-Атада катуу жааган жаандан Челек-Төр көлү ташып, сел каптады

Turmush -  Ысык-Ата районунда катуу жааган жаандын кесепетинен Челек-Төр көлүндө суунун деңгээли көбөйүп, сел каптады. ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, 11-августта болжол менен саат 12:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен бийик тоолуу Челек-Төр көлүнөн ташыган суу Нооруз суусуна кошулуп, 600 даана теректи, 1 сарайды, 1 турак үйдү каптап, 5-6 электр мамысын жарактан чыгарды.

Учурда аталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баштаган ыкчам топ иштеп жатат. Ошондой эле, Ысык-Ата районунун жарандык коргонуу кызматы тартылды.

Кой-Таш, Тоолуу Маевка айылдарына жана «Ысык-Ата» курортуна баруучу жолдор убактылуу жабылып, ал жерде патрулдук милиция көзөмөл жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1357
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×