Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Маданияттын отличниги Е.Тойтеевага атасы орус кызынын ысымын ыйгарган (фото)

Turmush -  Екатерина Тойтеева 1980-жылдан бери маданият тармагында эмгектенип келет. Бирок ортодон билим алуу үчүн маданияттан бир аз алыстап, 2011-жылы кайра өз кесиби менен иштеп баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Екатерина Тойтеева 1963-жылы 31-мартта Аламүдүн районуна караштуу Кызыл-Бирлик айылында төрөлгөн. Атасы да, апасы да кыргыз болгонуна карабай ага орус кызынын ысымы берилген.

«И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагам. Кесибим музыка сабагынан мугалим. Негизи мен көп тармактуу адаммын десем жаӊылышпайм. Ар кандай иш-чараларды уюштурууга жөндөмдүүмүн. Азыркыга чейин чыгыш бийин бийлейм десем көп адамдар ишенишпейт. Мындан сырткары тамак-аш жасаганды жактырам. Ашпозчулук – бул менин экинчи талантым. Ошол себептен кошумча ашпозчулук кызматты да аркалап келем. Булардан сырткары коомдук иштерге аралашып, саясий иш-чараларга активдүү катышам», - деди ал.

Екатерина Тойтеева маданият тармагына иштейм дегенине каршы чыккан атасын көндүргөнгө бир амал ойлоп тапкан.

«Жашоомдо көп эле кызыктуу окуялар болот. Анын бирин айтып берейин. Менин атам актриса болуп маданият тармагында иштөөмө каршы чыкты. Ал малчыларды тейлеген жерге командировкага кеткенде мен анын автоклубуна жумушка кирип алдым. Бул жумушка киргенимди көргөн атам аябай таң калды. Ал мени бул жумуштан кетишиң керек деп көпкө көндүрө албай жүрдү. Ошентип атам мени райондогу маданият бөлүмүндө калышыма көндү. Дагы мындай бир окуя болгон. Мен жаш кезде сары чачтуу кыз элем. Бир концертке атам экөөбүз даярданып жүрдүк. Концерт маалы келип, алып баруучу мага кайрылып "сенин Катя деген атыӊдын кыргызчасы кандай?" деп сурап калды. А, мен тамашалап Карачач деп койсом, ал алып баруучу сахнага Карачач Тойтеева чыгат деп жар салып калды. Мен сахнага чыгып бара жатып күлкүмдү араӊ кармадым. Көрүүчүлөр болсо кыраан каткырык салып, ого бетер мени сүрдөтүп, күлкүмдү күчөтүшкөн», - деди ал.

Е.Тойтеева жолдошу менен түтүн булатып жашап жатканына 35 жылдын жүзү болду.

«Жолдошум Жыргалбек Кулубаев менен чогуу жашаганыма быйыл 35 жыл болду. Зарема, Диана, Адэль аттуу үч кызды тарбиялап өстүрдүк. Учурда 5 неберебиз бар.

Менин атымды ата-энем Катя деп жөн жерден коюшпаптыр. Атам-апам экөө теӊ кыргыз. Мен төрөлгөндө ооруканага барган атам сулуу медайымды көрүп "атыӊыз ким?", деп сураптыр. Орус кыз ысымын Катя десе, "анда кызымдын аты Екатерина болот, бирок Катюша деп эркелетем" деген экен», - деди ал.

Е.Тойтеева маданият тармагында үзүрлүү эмгектенгени үчүн «Маданияттын отличниги» төш белгиси жана көптөгөн мактоо баракчалары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 938
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×