Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк жылкычы М.Исаков үй-бүлөсү менен Чуңкурчакта ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Арашан айылынын 40 жаштагы тургуну Мырзабек Исаков 20 жылдан бери Чуңкурчак жайлоосунда бээ саап, эс алуучуларды кабыл алып келет. Аймактык кабарчы жылкычы-ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жылкылардан тышкары уйлардын сүтүнөн каймак-май жасап, буйрутма менен Бишкек шаарына алып барып сатат.

«Учурда колумда 7 бээ бар. Сезондо күнүнө 5 маал саап, 35 литрге чейин кымыз алчубуз. Азыр сезон аяктап, күнүнө 2-3 маал саап, 10-15 литр сүт алабыз. Бээден сырткары 6 саан уюм бар. Андан каймак-май жасап, Бишкек шаарынан буйрутма түшсө алып барып, сатып келебиз. Негизи буйрутмага жараша шаарга барам. Кээде 2 күндө 1 барабыз. 1 литр кымыз 200 сом, сүт 30 сом, каймак 200 сомдон сатылат. Кымыздын даамы жана сапаты жакшы болгону үчүн баасы да ошого жараша», - деди ал.

Жылкычы жайлоодо үй-бүлөсү менен 6 ай болушат.

«Биз үй-бүлөбүз менен бул ишибизди алып кетүү менен бирге өзүбүз да дарыланып, эс алып келебиз. Мен негизи мал чарба менен бала кезден аралашып өстүм. Бээ саап келе жатканыбызга 20 жыл болду», - деди ал.

Мырзабек Исаков 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 725
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×