Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Видео - Сокулуктагы жол кырсыктан каза болгондордун мээси унаанын ичине чачырап кетти

Turmush -  Бишкек — Кара-Балта унаа жолунда катуу ылдамдыкта бара жаткан «Субару Легаси» үлгүсүндөгү автоунаа Военно-Антоновка айылында жашаган 29 жана 30 жаштагы жигиттерди сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жол кырсык 9-августта болжол менен түнкү саат 24:30 чамасында болгон. «Субару Легаси» унаасын Бишкек шаарынын тургуну башкарып бара жаткан. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарын пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иш козголуп, айдоочу тергөө абагына жеткирилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

ЭСКЕРТҮҮ! Видеотасмада каза болгон адамдардын дене мүчөсүнүн калдыктары жана кан көрүнөт

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 19594
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×