Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Ысык-Атада 20 жаштагы эне төрөттөн кийин каза болду

Turmush -  Ысык-Ата районунун 20 жаштагы тургуну төрөттөн кийин каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй облусунун медицина боюнча маалыматтык борборунан билдиришти.

«Ал жашаган дареги боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда кароодо болгон. ҮДТ Улуттук кардиология борборуна 30-31 жумадагы кош бойлуулук, пластиктен кийинки абал жана ашказан бөлүгүндөгү деффект, өпкөнүн жогорку гипертензиясы, реканализация, СНФК-III диагнозу менен жиберген. Төрөттөн кийин 20 жаштагы эне жүрөк-кан тамыр системасы жабыркап, дем алуунун начарланышынан каза болду», - деп билдирди маалыматтык борбор.

Чүй облусу боюнча 2017-жылдын 6 айында төрөттөн 4 эне каза болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1507
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×