Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Ысык-Атада 25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Turmush -  Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында Чоң Чүй каналынан 20-25 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда анын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Милиция кызматкерлери анын өздүгүн тактап чыгып, Люксембург айылынын 25 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.

Учурда кыздын сөөгүн ата-энеси алып кетишти. Алардын айтымында, кыз психикалык жактан жабыркап жүргөн. Азыркы тапта бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 659
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×