При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Москва районунда 18 түгөйгө акысыз үлпөт той уюштурулат

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда той өткөрүүгө шарты жок 18 жупка акысыз үлпөт той уюштурулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жаркын Осмонкулова билдирди.

«21-сентябрь күнү Беловодск айылындагы кафеде 18 жуптун үйлөнүү үлпөт тою болот. Анын бардык чыгымын кафенин ээси өзү төлөйт. Бул иш-чара үйлөнүүгө шарты жок жаштарга арналды. Жалпы 12 айыл аймакка жарыя айтылып, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилген. 21-сентябрга чейин үйлөнөм деген жаштардын тизмесин тактап жатабыз. Тойго кыздын ата-энеси, баланын ата-энеси жана ар бир айыл өкмөттөн экиден өкүл катышат. Мындан сырткары, райондогу жетекчилер да конок катары келүүсү күтүлүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу