Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Ысык-Атада сууга чөккөн 30 жаштагы жигитти издегендер жаш кыздын денесин табышты

Turmush -  Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында сууга чөгүп кеткен 30 жаштагы жигитти издөө учурунда 25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата районунун өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Бакытбек Молдоисаев билдирди.

Анын айтымында, суудан табылган кыз Лебединовка айылынын 25 жаштагы тургуну болгон.

«Бул кыз тууралуу бизге маалымат түшкөн эмес. Кыз мас абалда болушу мүмкүн. Азыр анын сөөгү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө берилип, экспертизалар жүргүзүлүүдө. 25 жаштагы кызды суудан чыгарганда кийимчен экен. Ал эми, изделип жаткан жигиттин уюлдук телефону, акча салган капчыгы жээкте калыптыр», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 743
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×