При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

«Жеңеке»: Аделия жеӊени көпчүлүк жолдошунун карындашы деп ойлошот (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын тургуну Аделия Максаталиева жолдошу менен социалдык тармактардан таанышкан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Аделия жеңе алгач жолдошунун таенесине нан бышырып берем деп, тузун өтө ачуу кылып алып, желбей калган. Ал нанды ит да жебей койгон.

«Жолдошум Аман экөөбүз социалдык тармактардан таанышканбыз. Экөөбүз 1,5 ай эле сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Амандын алгач колумду сурап келген күнү такыр эсимден кетпейт. Ал учур экөөбүз үчүн эӊ бактылуу күндөрдүн бири болуп калды. Анда түн ортосу болчу. Аман мага телефон чалып: "Эшикке бир саатка чыга аласыӊбы? Маанайым жок, апам менен урушуп кеттим" деп калды. Сыртка чыксам отургучта бажырайган гүл туруптур. Аны көрүп деле түшүнгөн жокмун. Аман отургучтагы гүлдү колума карматты, бирок мен дагы деле "апаӊ менен эмне үчүн уруштуӊ, маанайы жакшы болуп калдыбы?" деп сурай бердим. Ал тизелеп жерге отурду да, чөнтөгүнөн шакек алып чыгып, "мага турмушка чыкчы" деп айтты. Мен толкунданып, күлүп жибердим. Достору жашынып турган экен, ошол замат куттуктап чыгышып, шам чырактарды күйгүзүп, шампан аттырышып, ал күндү биз менен чогуу өткөрүштү», - деди ал.

Аделия жеңе 1988-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда төрөлүп, Бишкек шаарында өскөн. Ал эми, жолдошу Аман Сагимбаев 1984-жылы Кемин районуна караштуу Орловка айылында төрөлгөн.

«Жолдошум экөөбүздүн көп сапаттарыбыз окшошпойт. Сырткы келбетибиз окшош. Бизди тааныбагандар ага-карындаш экен деп ойлошот. Кайненем абдан жакшы киши. Ал экөөбүз биз баш кошо электе эле таанышканбыз. Ошондо ал менден абдан уялган экен. Мен да толкундангам.

Кайын журтка барганда эӊ ыӊгайсыз абалга туш болгом. Анда Амандын ыраматылык таенеси бар болчу. Анын Орловкадагы үйүнө барып, ысык нан бышырып берейин дегем. Тузун өтө ачуу кылып камыр жууруптурмун. Ал камырдан бышкан нанды итибиз да жебей койгон», - деди ал.

Аман менен Аделиянын учурда 8 айлык кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 780
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу