Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 38 жаштагы уста Э.Алиев терезе пардаларды тигип, жакшы киреше табат (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун 38 жаштагы тургуну Эдик Алиев 5 жылдан бери устачылык кылып, терезе пардаларды да тигет. Ал кийим тиккенди 5-классында эле үйрөнгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«5 жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келем. Кийим тиккенди 5-классымда эле үйрөнүп алгам. Ал кезде апам үйдө курак курап, кийимдин түрүн тикчү. Анын жанында жүрүп кол өнөрчүлүктү үйрөндүм. Учурда кардарларым көп. Алар кандай кааласа ошондой терезе пардаларды тигип берем. Баалары 4 миң сомдон өйдө бааланат. Эң кымбаты канча сом болорун айта албайм, анткени ал иштин татаалдыгына жана кездеменин сапатына жараша болот. Мындан тышкары, үйлөрдү евро стилде жасалгалайм», - деди ал.

Уста Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн.

«Балыкчы шаарында өскөм, бойдокмун. Келечекте ушул чеберчилигим менен элге пайда келтирип, белгилүү болсом дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×