Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 10 жаштагы Абдухаким жыл сайын дарбыз сатып, мектепке даярданат (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Төрт-Күл айылынын 10 жаштагы тургуну Абдухаким Элиза ата-энесине жардам берип, жол жээгинде дарбыз жана коон сатат. Аймактык кабарчы жаш соодагер менен таанышты.

«Мен жайкысын соода кылып, ата-энеме жардам берем. Алар Төрт-Күл айылындагы 1 гектар жерге дарбыз жана коон өстүрүшөт. Күнүгө 10-15 даана дарбыз-коон сатам. Күндүн ысыгы мага анча деле терс таасир бербейт. Өзүӊөр көрүп тургандай жанымда бак-дарактар бар. Апам да ушул жолдун экинчи башында соода кылат. Ал дагы дарбыз, коон сатат. 1 кг дарбыз — 7 сом, коон — 35 сом, ал эми андалек — 20 сом», - деди ал.

Кичинекей соодагер бир жолу бир даана дарбызды 900 сомго сатып сала жаздаганын айтты.

«Бул окуя мындайча болду. Бир күнү бир кардар келип, дарбыз канчадан деп сурады. Мен башка нерселерди ойлонуп жатып, 1 кг дарбыз 90 сомдон деп айтып алдым. Тиги кардар көпкө мени карап калды. Эсиме келсем, 8 сомдук дарбызды 90 сом деп жаткан экенмин. Ал кезде дарбыз 7-8 сом болуп калган. Ошондо мен 1 дарбызды бери дегенде 900 сомго сатып жибермек экенмин», - деди соодагер.

Абдухаким келечекте дарыгер болгусу келет

«Келечекте дарыгер болсом дейм, учкуч болууну да кыялданам. Мектептен сырткары бош убактымда бокс менен машыгам. Ата-энем дунган улутунан. Мен өзүм 4 бир туугандын эӊ улуусумун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 424
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:28,   18.10.2017   ( 8 адам окуп жатат)
×