При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: 63 жаштагы Б.Касымалиева 43 жылдык өмүрүн айылдык китепканага арнады (фото)

Turmush -  Кемин районунун 63 жаштагы тургуну Багида Касымалиева 43 жылдан бери Ак-Бекет айылдык китепканасында иштеп, өмүрүн ушул тармакка арнаган. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

«Өзүм 1954-жылы Аламүдүн районунда төрөлгөм. 1973-жылы Кемин районуна келин болуп келип, 1974-жылдан тарта айылдык китепканада иштей баштадым. Бул жерде иштегениме 43 жыл болуптур. Бул жылдар аралыгында китептерге жакын болуп, аларды өзгөчө кызыгуу менен окуп, чыгармалардагы каармандар менен да чогуу жашадым десем болот. Китеп окуу — бул өзүнчө рахат. Эң жакшы көргөн авторлорум — А.Токомбаев, З.Сооронбаева. Анткени, алардын чыгармаларын кичинебизден сүйүп окудук.

Негизи өзүм, Токмокто китепканачынын окуусун аяктагам. Буга чейин көптөгөн райондук сынактарга катышып, ардак грамота, баалуу сыйлыктар менен сыйлангам. Эсимде калганы, 2008-жылы Ч.Айтматовдун "Арт-Ордо" сынагында губернатордун колунан диплом алгам.
Айылда коомдук жумуштарга активдүү катышып, колумдан келген жардамымды берип турам. 2008-жылы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде депутат болгом.

Менин оюмча адам баласы өзүн ар тараптан мыкты көрсөтүп, талыкпай эмгектенүү керек. Ал эми китеп жол көрсөтөт. Бекеринен "Китеп — билим булагы" деп айтылбайт. Көп окуп, жан дүйнөбүздү байытсак эч кандай зыянын тийгизбейт. Азыркы жаштарга дайыма китеп окугула деп көп айтам», - деди Б.Касымалиева.

Б.Касымалиеванын учурда 3 уулу, 3 кызы жана 16 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 357
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу