Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Сүрөт менен поэзияны айкалыштырган М.Сабиров эмгектерин 50 миӊ сомго баалайт (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 38 жаштагы тургуну Мирлан Сабиров сүрөттөрдү 1 миң сомдон 50 миӊ сомго чейин тартат. Ал мындан сырткары, кол өнөрчүлүк менен алектенип, булгаарыдан түрдүү буюмдарды жасайт. Ал 1979-жылы 10-августта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Орток айылында төрөлгөн. Аймактык кабарчы таланттуу сүрөтчү менен маектешти.

- Мирлан мырза, бул өнөр сизге ата тегиӊизден калса керек. Себеби, мындай өнөрдүн ээлеринин жакындары да таланттуу экенин көрүп жүрөбүз.

- Ооба, туура айтасыз. Чоӊ атам, өзүмдүн атам, таятам да уста кишилер эле. Чоӊ апам шырдак шырып, курак кураса, апам менен таенем да уз-чебер болушчу. Ушундай үй-бүлөнүн баласы кантип кол өнөрчү, сүрөтчү болбосун? Ата-энемдин айтуусу боюнча, мен эмгектеп баштаганда эле жерге бир нерселерди чиймелечү экенмин.

Кыргызстандын сүрөт академиясынын мектебине 2 жолу сынаксыз өтүп, бирок балалык кылып көнө албай таштап койгом. Ал ортодо аскерге кетип калдым. Аскерден келгенден кийин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура факультетинин живопись бөлүмүн бүтүрдүм. Ошондон бери сүрөтчүлүк менен алектенип келем. Кийинчерээк булгаары буюмдарга басым жасап, буйрутмалар менен сумка, акча салган куту, уюлдук телефондун кабын, комуз жана мылтык салгыч жана башкаларды жасоо планыбыз бар.

- Көбүнчө кандай жанрдагы сүрөттөрдү тартасыз?

- Жанр демекчи, сүрөт искусствосуна бир жаӊылык киргизип, сүрөт техникасы менен поэзияны айкалыштыруунун үстүндө иштеп жатам.

- Демек, ыр да жазасызбы?

- Ооба, кесибимден тышкары поэзия менен алектенип келем. 2006-жылы «Элес» аттуу чакан ыр жыйнагым жарык көргөн.

- Ушул өнөр менен кандай ийгиликтерге жетишип, кандай сыйлыктарды алдыӊыз?

- Сүрөт багытында Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, поэзия жаатында республикалык кароо-сынактын жеңүүчүсү болгом.

- Сүрөткө буйрутмалар көп түшүп турабы? Канча сомго чейин тартып бересиз?

- Буйрутма менен иштеп калам. Баалары сүрөттүн көлөмүнө, татаалдыгына жараша болот. Мисалы, болжол менен 1 миң сомдон 50 миң сомго чейин болот.

- Өмүрлүк жарыӊызды кайсы чөйрөдөн таптыңыз?

- Жубайымды да ушул чөйрөдөн жолуктургам. Бирок, чыгармачыл адам эмес. Ал дайыма менин ишимди түшүнүп, колдоп турат. Анын бул мамилеси мага дем-күч берет.

- Балдарыӊыз да чыгармачылыкка жакынбы?

- Ооба, аларда сүрөт тартышат. Бекнур жана Баяман аттуу 2 уулум бар.

- Келечекте кандай ой-максаттарыӊыз бар?

- Сүрөт боюнча өзүмдүн стилимди көрсөтсөм деген тилектерим бар. Поэзия менен сүрөт жанрларын айкалыштыруу  — башкы максатым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 921
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×