При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: 11 жаштагы бийчи А.Шекербекова түрк элине өнөрүн тартуулап келди (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун 11 жаштагы тургуну Акмарал Шекербекова бийчилик өнөрү менен Түркияга чейин барып келген. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бий ийримине 2 жылдан бери катышып келет. 

«Мен 2 жылдан бери бийге катышып келем. Негизи бийдин көп эле түрүн билем. Эжейим үйрөткөн бийлерден сырткары сыналгыдан да көрүп үйрөнөм. Түркияда өткөн фестивалга бий боюнча барып келгем. Бизди Нурзада Мелисова аттуу мыкты бийчи эжейибиз тарбиялап келет.
Мектепте болсо англис тили, кыргыз адабияты, математика, орус тили, көркөм өнөр сабактары жагат. Быйыл Ысык-Ата толук эмес орто мектебинин 5-классына көчтүм. Келечекте атактуу бийчи болсом дейм», - деди ал.

Бийчи үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 408
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу