При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: 15 жаштагы У.Капарбеков буйрутма менен сүрөт тартып, 10 миң сомго чейин каражат табат (фото)

Turmush -  Чүй районундагы Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн 15 жаштагы тургуну Улукбек Капарбеков 1-классынан эле сүрөт тартууга жөндөмдүү келип, 7-классында буйрутма менен бала бакчанын дубалына сүрөт тартып берген. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

«Мен учурда 9-класста окуйм. Үйдө атам, атамдын байкеси жана иниси да сүрөтчү. Мага бул өнөр атаман, агаларыман жукса керек. Бала кезимен тактап айтканда 1-класстан баштап эле сүрөт тартууга жөндөмдүү болгом. 7-классымда эле бала бакчанын дубалына жакшы сүрөттөрдү тартып бергем. Бул менин элге болгон кызматымдын башталышы болчу. Азыр болсо соода борборунун биринде иштейм. Дубалга тарткан сүрөттөрүмдүн баалары анын көлөмүнө жана татаалдыгына жараша бааланат. Менин башкалардан өзгөчөлүгүм пейзаж, портрет анан да бардык жерге сүрөт тарта алам. Кээ бир сүрөтчүлөр пейзаж тартса, портрет тарта алышпайт экен», - деди ал.

Сүрөтчү 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин буйрутма алып иштейт.

«Мисалы, бир мультфильмдеги каармандын сүрөтүн дубалга түшүрүш керек болсо, анда анын баасы көлөмүнө жана татаалдыгына жараша болот. Ал эми, балдардын бетине тартылган сүрөттөр 100 сомдон 250 сомго чейин барат. Келечекте Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткан сүрөтчү болгум келет», - деди ал.

Жаш сүрөтчү 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу