При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Шалта айылынын 30 жаштагы тургуну төрөттөн 13 күн өтпөй каза болду

Turmush -  Сокулук районунун Шалта айылынын тургуну 1-июнда облустук төрөт үйүндө көз жарып, 3-июнда канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылган. Бирок, ал төрөттөн 13 күн өтпөй дене табы көтөрүлүп, каза болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй облусунун медицина боюнча маалыматтык борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, Шалта айылынын 30 жаштагы тургуну №6 шаардык ооруканада өткүр пневмониядан каза тапкан. Ал Таш-Дөбө айылындагы ҮДТнын көзөмөлүндө турган.

«12-июнда аялдын дене табы көтөрүлүп, 13-июнда эртең менен анын жакындары Сокулук районунан тез жардам чакырган. Тез жардам кызматы жашаган жери боюнча Кой-Таш айылындагы ҮДТга кайрылуу керектигин айтышкан. Аялды менчик унаа менен Кара-Жыгач конушундагы туугандарына жеткиришип, ошол жерден тез жардам чакырып, Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Кароодон кийин септикалык гинекологияга жөнөтүлгөн. Зарыл болгон текшерүүдөн кийин бейтапты токсикологияга жөнөтүшкөн, бирок аны №6 шаардык ооруканага алып келишкен. Бул жактан ооруну аныктоочу аппараттан өткөндөн кийин кабыл алуу блогунда каза болуп калган», - деп билдиришти маалыматтык борбордон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу