Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Сокулук районундагы таланттуу апалар филармонияда концерт коюшат (фото)

Turmush -  Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын маданият бөлүмү Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштуруп жаткан «Адеп башаты ападан» райондук кароо-сынагынын гала-концерти болот. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, гала-концертке 50 жаштан жогорку өнөрлүү 300 апа катышат.

Буга чейин Сокулук районунда «Адеп башаты ападан» кароо-сынагы өткөрүлүп келген. Ар бир жумада экиден айыл өкмөттүн ортосунда сынак өтүп, экинчи айлампага 20 айыл өкмөттөн алдыӊкы 10 айыл өкмөттүн апалары чыккан. Анда, апаларга саламдашуу, обондуу ыр, элдик ыр, кыргыз улуттук бийин аткаруу, акапелла, сатира, салт көргөзүү, хор ырдоо, улуттук тамак-аш жана макал-лакап айтуу тапшырмалары берилген.

Байге фондуна 70 миӊ сом коюлуп, 1-орунга 20 миӊ сом, 2-орунга 15 миӊ сом каралган.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 974
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×