Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кош-Коргон айыл өкмөтү кореялык уюмдан 20 миң доллар утуп алды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун 4 айыл өкмөтүнөн төрттөн өкүл «Сэмаыль Ундон» уюму менен Түштүк Кореядан айылдын экономикасын өнүктүрүү боюнча окуп келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Азис Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, аталган уюм андан тышкары 4 айыл өкмөткө 20 миӊ доллардан кайтарымсыз акча каражатын беришкен. 

«4 айыл өкмөт 20 миӊ доллардан акча утуп алдык. Анын ичинде Кош-Коргон айыл өкмөтү бар. Утуп алган акча каражатка Кош-Коргон айылындагы жаӊы конушка 1 трансформатор, бетон тирөөчтөрдү жана электр чубалгыларын орноткону турабыз. Аталган жаӊы конушта 48 участок бар жана бүгүнкү күндө 25 жаш үй-бүлө жашайт», - деди ал.

Кореядан келген уюмдун өкүлдөрү акчалай жардамды элдин жалпы жыйынында айыл өкмөт башчыларга тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1010
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×