Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Э.Замирбеков тай боксу боюнча эл аралык турнирде 1-орунду багындырды (фото)

Turmush -  Кемин районунун 17 жаштагы тургуну Элазан Замирбеков «Ысык-Көл — Кыргызстандын бермети» эл аралык турнирде тай боксу боюнча 1-орунга ээ болуп, баш байгени жеңип алды. Элазан буга чейин тай боксу боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүм 2000-жылы Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөм. Спорт менен 2-классымдан бери машыгып келем. Ушул 9 жылдын ичинде көптөгөн ийгиликтерди жараттым деп ойлойм. Атай кетсем, аталган спорттун түрү боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону аталдым. 2012-жылы Казакстанда өткөн эл аралык турнирде 2-орун, 2016-жылы Таиланддагы мелдеште 3-орун, 2017-жылы Россиянын Москва шаарында болгон Дүйнөлүк чемпионатта 1-орунду багындырдым. Мындан тышкары, ушул жылдын июль айында болуп өткөн "Ысык-Көл — Кыргызстандын бермети" эл аралык турнирде 1-орунду алып, курга ээ болдум. Менин бул жетишкендиктерим үчүн машыктыруучум Кутекев Викторго терең ыраазычылыгымды билдирем.

Бир жумада эки сааттан 3 жолу машыгып турам. Келечекте Куралдуу күчтөр аскердик институтунда билим алып, Кыргызстандын желегин желбиреткен мыкты спортчу болсом деген кыялым бар», - деди спортчу.

Замирбеков Элазан үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу, бир иниси жана бир карындашы бар. Атасы Абдылдаев Азамат куруучу болуп эмгектенсе, апасы Алиева Асиса тарбиячы болуп эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 713
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×