При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

АКИ-TV: Нариман айыл өкмөтү спорт аркылуу экстремизмге каршы күрөшөт

Turmush -  Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтү жыл башынан тартып диний экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүштөрдү уюштуруп, ар кандай акцияларды өткөрүп келет.

2017-жылдын 1-февралында Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтүп, бул кызматка 2 талапкер көрсөтүлгөн. Айылдык кеңештеги депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 27 добуш менен алдыга оозуп чыккан Улукбек Рахманов айыл өкмөт башчы болуп шайланган. Ал аталган саамалыкты улантып, жаштар үчүн маданий кечелерди уюштуруп келет. Мындай демилгелер менен диний азгырыктардын, улуттар аралык чыр-чатактын алдын алып, ынтымакты бекемдөө максатын көздөйт.

Кара-Суу району боюнча эң көп улут жашаган Нариман айыл өкмөтүндө 16 улуттун өкүлү бар. Айылдардын арасында бир ай бою кичи футбол боюнча мелдеш өтүп, бул саамалык 5-августта жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1246
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу