При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Кара-Жыгачтагы автокырсыктан 24 жаштагы жигит каза болуп, 13 киши жаракат алды

Turmush -  Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы унаа кырсыктан айдоочу каза болду.  Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Патрулдук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, "БМВ" автоунаасынын айдоочусу башкарууга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, кичи автобус менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп, кичи автобустун ичиндеги 13 адам жаракат алган. 5 жүргүнчүгө жана кичи автобустун айдоочусуна амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ал эми, 6 жабырлануучу ооруканага жеткирилип, анын ичинен 4 өспүрүм №3 балдар ооруканасына жаткырылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, "БМВ" автоунаасынын айдоочусу Кара-Жыгач айылынын 24 жаштагы тургуну болсо, кичи автобустун айдоочусу Бишкек шаарынын 1979-жылы туулган тургуну болгон.

Азыркы тапта бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 434
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу