Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Ысык-Атада жүк ташуучу унаа жеңил унааны талкалай сүздү (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каза болду.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, аталган авто кырсык 4-августта болжол менен саат 23:00 чамасында райондук оорукананын жанында болду. «КамАЗ» жүк ташуучу унаасы менен «Мерседес-Бенц» кагышып, анын кесепетинен жүк ташуучу унаанын ичиндеги айдоочу жана бир жүргүнчү Ысык-Ата райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми жеңил унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон айдоочу Ново-Покровка айылынын 32 жаштагы тургуну. Ал эми, жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жүргүнчү Бишкек шаарынын тургундары болгон.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1241
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×