При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: 39 жаштагы уста Н.Тесекбаев чоң үйдүн жылуу полун 250 миң сомго чейин жасайт (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылынын 39 жаштагы тургуну Нурлан Тесекбаев 17 жылдан бери үйлөрдүн жылытуу системасын жасап келет. Ал чоӊ үйдүн бардык жылуу полун 250 миӊ сомго чейин жасайт. Аймактык кабарчы чебер уста менен таанышты.

«Мен үйлөргө жылытуу системасын орнотуу менен 2000-жылдан бери алекмин. Устатым Вася мага көп жумушту үйрөттү. Ал өзү да бардык ишти кылдаттык менен жасачу. Мени дагы кылдаттыкка, сапаттуу жасоого үйрөткөн. Бир айда 4-8 кардардын буйрутмасын алабыз. Жылуу полдун 1 чарчы метри 850 сомдон 1200 сомго чейин жасалат. Сапаты курулуш каражаттардан көз каранды болот. Алардын сапаты жакшы болсо, 3 жылга кепилдик берем. Ал эми, от казан 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин жасалат», - деди ал.

Уста кышында лыжа тепкенди, гитара менен ырдаганды жакшы көрөрүн кошумчалады.

«Келечекте уулумду үйлөнтүп, ага өзүнчө үй куруп берсем деген тилегим бар. Өзүм 1978-жылы Кара-Балта шаарында төрөлгөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 592
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу