Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Видео - Активисттер мурун даараткана болгон бөлмөдө А.Осмоновдун музейи уюштурулганына нааразы

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы №8 мектепте улуу акын Алыкул Осмоновдун музейи уюштурулуп жатат. Бирок, музей үчүн мурунку даараткананын орду тандалган, деп билдирди аймактык кабарчыга сүрөтчү жана коомдук активист Мирлан Сабыров.

«Токмок шаарынын китепканасында Алыкул Осмонов атындагы адабий ийрим бар. Ошол ийримдин уюштуруусу менен Токмок шаардык №8 мектепте акынды эскерүү кечеси өттү. Ал кечеден кийин мектеп жетекчилиги А.Осмоновдун музейи менен тааныштырып чыгышты. Бирок, ал музей бир учурда даараткана болуп турган бөлмөгө уюштурулуп жатыптыр. Адабий ийримдин мүчөлөрү дароо нааразы пикирлерибизди айтып кеткенбиз. Жакында мага музейди жасалгалоого кеӊеш бер деп чакырышты. Бирок, даараткананын ордуна музей ачылса барбай турганымды, чыгармачыл адамдарды сыйлап-урматтарымды айттым. 3 кабаттуу мектептен кантип жакшынакай бир бөлмө чыкпайт? Даараткана курулганы пайдаланылбаганы менен аурасы жаман. Алыкул Осмонов өзү Токмокто өскөн. Анын талантын кордогон болбойт», - деди М.Сабыров.

Ал эми, Токмок шаардык №8 мектептин директору Шайгүл Беккулиеванын айтымында, учурда мектепте бөлмөлөр жетишпейт. Ал эми, музей уюштулган даараткана курулгандан кийин колдонулган эмес.

«Мектепке Алыкул Осмоновдун ысымын ыйгаруу боюнча 1 жылдан бери тиешелүү иш кагаздарды топтоп, чуркап жүрөм. Бирок, Токмок шаардык кеӊештин депутаттары бул сунушту колдой элек. Кичинекей бөлмө даярдап, Алыкул Осмоновдун музейин жасайлы дегенбиз. Бирок, ал музейди оңдоо иштери бүтө элек. Азыр акындын сүрөттөрүн чогултуп койдум. Ал музей мурда даараткана болгон бөлмөгө ачылып жатканы чын. Бирок, бул мектеп эски, Кеӊеш өкмөтүнөн бери пайдаланылып келет. 3 кабаттуу имараттын 1-кабатындагы эле даараткана иштеп, калган 2-3-кабаттагы дааратканалар эч качан колдонулган эмес. Бизде алтургай ийримдерди уюштурууга, кароолчуларга бөлмө жетишпейт. Андан улам экинчи кабаттагы кичинекей бөлмөнү музей кылып, окуучулардын эсинде кала тургандай жасалгалоону пландаганбыз.

Эреже менен башталгыч класстын окуучулары 1-кабатта окушу керек эле, бирок класстык бөлмөлөрдүн жетишсиздигинен алар 2-кабатта окушат. Ал эми, 1-кабатта кичи спорт зал, китепкана, ашкана жана башка 2-3 бөлмө бар. Мектептин кире беришинен 2-кабатка көтөрүлгөнгө чейинки бир тарабына толугу менен Алыкул Осмонов жөнүндө маалыматтарды илип койдук. Шаардык милиция музей болуучу бөлмөнүн эки терезесин жаңыртканга жардам берди. Учурда шыбы менен полу оңдоого муктаж. Ал бөлмө даараткана болгон деген аты эле болбосо, колдонулган эмес. Мурда ал бөлмөдө кайтаруучулар турчу», - деди мектеп жетекчиси. 

Аталган мектеп 500гө жакын окуучуга билим берет.

Өзгөчө таланттуу акын, чебер котормочу жана драматург Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районунун Каптал-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Акын Токмок балдар үйүндө тарбияланып, бала кезинен бери кургак учук дарты менен алышкан. Залкар талант дарттын кесепетинен болгону 35 жыл жашады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1606
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×