Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасын шайлоого кайрадан кворум болгон жок

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга 2-августта чогулуп, бирок төраганы шайлашкан жок. Аймактык кабарчы билдиргендей, жыйынга «Эл Аман», «Ак шумкар», «Республика», «Кыргызстан» партияларынын жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын айрым өкүлдөрүнөн жалпы 16 эл өкүлү катышты.

Бул жолу дагы төраганы шайлоо боюнча кворум болбой, күн тартибинде 3 маселе талкууланды. Алардын бири төраганын орун басарын шайлоо маселеси болуп, «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Дамир Карымшаков талапкер болуп көрсөтүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар бир добуштан жалгыз талапкерди колдошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1019
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×