Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Фото - 3 км жол басып окуган Чолпон айылындагы 110 окуучуга жаңы мектеп курулду

Turmush -  Бүгүн, 5-август күнү Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн Чолпон айылында жаңы мектеп ачылды. Ачылыш аземге Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы да күбө болду.

Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Динара Сартпаеванын айтымында, курулушка эл аралык уюм каржылык колдоо көрсөткөн.

«Мектепти курууга жалпы 7 млн сом сарпталды. Анын 20%ы биздин айыл өкмөттүн бюджетинен каралды. Буга чейин бул айылда мектеп жок болгондуктан, 110 окуучу коңшу айылдагы мектепке 3 чакырым жолду жөө басып жетишчү. Чоң Чүй каналынан өтүү башталгыч класстын окуучулары үчүн кооптуу болуп келген. Бүгүн айылда жакшы жаңылык болуп, 130 окуучуга ылайыкталган мектептин ачылыш аземи болуп жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1673
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×