Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Чоң-Арыктагы авто кырсыктан 13 адам жаракат алып, бири каза болду

Turmush -  Москва районунун Чоң-Арык айылында бүгүн, 3-августта 3 автоунаа кагышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкандай, аталган жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 13 адам жаракат алып, анын ичинен 1 адам каза болду. Ал эми, 8 жабырлануучуга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 4 адам Москва районундагы аймактык ооруканага жаткырылды.

Ооруканага жаткырылган жабырлануучулардын тизмеси:

1. К.Ж., 1970-жылы туулган;
2. Т.Н., 1981-жылы туулган;
3. Т.М., 2008-жылы туулган;
4. Т.А., 2009-жылы туулган.

Жабырлануучулардын бары денесинен түрдүү сынык алып, травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1016
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×