Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 29 жаштагы А.Көчкөнов жасаган тандырлар 7,5 миң сомго чейин бааланат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 29 жаштагы тургуну Алмазбек Көчкөнов самса, нан жана шишкебек бышырган тандырларды жасап сатат. Анын кардарлары бир гана Кыргызстандан эмес, Россия, Казакстандан келишет. Аймактык кабарчы чебер уста менен таанышты.

«Ош облусундагы усталардан тандыр жасоонун сырларын үйрөнгөм. Учурда сапаты өтө жакшы тандырларды жасайм. Мисалы, шишкебек бышырган буюмду 1500 сомдон жасасам, 12-14 нан баткан тандырды 2000 сом, 50 даана нан баткан тандырды 7500 сомго жасап сатам. Ал эми, 40 даана самса баткан тандыр 2500 сомдон, 100 даана самса баткан тандыр 2800 сом болот.

Тандырлардын курамында топурак жана койдун жүнү бар. Кезинде Россиянын Тюмень жана Сургут шаарларындагы курулушта иштеп, көп нерсе үйрөнүп келгем. Ушул чеберчиликтин барын Сергей аттуу киши үйрөткөн. Ал биздин ишибизди карачу. Россияда 7 жыл жүрүп, колумдан көп нерсе келген чебер уста болуп келдим», - деди ал.

А.Көчкөнов келечекте эл кызыкчылыгын коргогон депутат болгусу келет.

«Мен келечекте элдин камын ойлогон депутат болгум келет. Айрым айыл өкмөттүн, райондун, шаарлардын башчылары тымызын коррупциялык иштерди жасап, бир жерге эки чечим чыгарып, айрым жарандарды кордоп келишет. Анын барын көрүп жүрөм. Мен ушундай көйгөй менен күрөшүү үчүн депутаттыкка барам», - деди ал.

Алмазбек Кочконов Баткен облусунун Кызыл-кыя шаарында 1988-жылы төрөлгөн. Учурда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында 2 уулу жана келинчеги менен жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 849
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:28,   18.10.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×