Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Аламүдүндө жүк ташуучу унаа сүзүп өлтүргөн аялдын өздүгү такталбай жатат (фото)

Turmush -  Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен аял окуя болгон жерде көз жумду.

Чүй ОИИБдин билдирүүсү боюнча, окуя 27-июлда саат 00:10 чамасында болгон. Учурда аялдын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Каза болгон аял:

- 35-40 жаштары чамасында;
- азиат түспөлүндө;
- бою 160 см;
- орто дене түзүлүштө;
- чачынын узундугу орточо, өңү кара;
- алдыңкы тиштери жок.

Кийип жүргөн кийимдери: күңүрт өңдөгү шым, кара-ак сызыктары бар жайкы кофта, бутуна жылтырактары бар күрөң түстөгү жеңил бут кийим.

Аламүдүн РИИБ сүрөттөгү аялды тааныгандардан анын өздүгүн тактоого жардам сурайт. РИИБдин нөөмөт бөлүмү менен байланыш номурлары: (0312) 363527, (0312) 363523, (0553) 255657, (0701) 022723 жана 102 кызматы.

attention

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 846
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:28,   18.10.2017   ( 8 адам окуп жатат)
×