При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Көк бөрүчү Сейитбек 10 миӊ долларлык тулпарын дүйнө чемпионатына даярдап жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын 25 жаштагы тургуну Анарбек уулу Сейитбек Кобра аттуу тулпарын Астанадагы көк бөрү оюну боюнча өтө турган дүйнө чемпионатына даярдоодо. Ал көк бөрү оюнуна 8 жылдан бери аралашып келет. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

«Мен көк бөрү менен алектенгениме 7-8 жылдай болуп калды. Кыргызстандын 4 жолку абсолюттук чемпиону, КРдин президентинин кубогунун 4 жолку ээси болдук. 2013-жылы Азия чемпионатында 2-орунду алып, күмүш медалга ээ болгонбуз. 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орунду, 2016-жылы да Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орунду алганбыз.

Учурда Астана шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына Кобра деген асыл тукум тулпарымды даярдап жатам. Бул тулпарымдын баасы 10 миң доллар. Келечекте өзүмдүн күчтүү тайпамды түзүп, мелдештерде өзүбүздү көрсөтсөк деп турам», - деди ал.

Көк бөрүчү үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2951
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу