Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: М.Шарипов 190 кг салмактагы гиссар кочкорду 5 миң долларга сатты (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылынын тургуну Мухамет Шарипов Корабль аттуу гиссар тукумундагы кочкорун 5 миң долларга баалап сатып, Кыргызстан боюнча рекорд койду.

Өзүнүн айтымында, 18 жылдан бери жалаӊ гиссар тукумундагы койлорду багып келет.

«Мал чарбамда бир гана гиссар койлор бар. 2000-жылы Тажикстандан гиссар койлорду сатып келгем. Азыркылар ошондон уланган койлор. 2 жылда бир кочкорлорду алмаштырып турам. Учурда 30дай гиссар койлорду багып жатам. Буга чейин 1 гиссар кочкор сатып алганбыз. Ал өтө чоӊ жана сөөктүү, эттүү болгондуктан ага Корабль деген ат койгонбуз. Бул гиссар кочкор Кыргызстанга гана эмес, Казакстанга чейин белгилүү болду. Кочкордун боюнун бийиктиги 1 метр 8 сантиметр, башынан куйругуна чейинки узундугу 1 метр 50 сантиметр, ал эми накта салмагы 190 кг болчу. Мен аны 7 жашында, тактап айтканда өткөн жылы казак ишкерлерине 5 миң долларга саткам. Келечекте Кораблдин тукумун көбөйтүүнү пландап жатам.

Мындан сырткары, кочкорлорду башка ишкерлердин гиссар койлоруна кошуп, тукум чыгарып берем. Ал эми Кораблден калган тукумдарды бир айлык кезинде эле 200 долларга баалап сатам», - деди ал.

М.Шариповдун учурда 1 уул, 2 кыз жана 9 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10736
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×