Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Ысык-Атадагы сарайдан 8 баш мал тирүүлөй күйүп кетти

Turmush -  Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы Ворошилов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыгып, бир баш уй, бир баш музоо, алты баш кой тирүүлөй күйүп кетти.

ӨКМ билдиргендей, жыгач устундуу 300 чарчы метр  бастырмада 3 миң түк чөп кошо өрттөнгөн. Адамдар жабыркаган жок. Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 706
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×