При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: 57 жаштагы А.Пшеничный жасаган ретро унаа 12 миң долларга бааланды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 57 жаштагы тургуну Александр Пшеничный 8 жылдын ичинде «Москвич 400» үлгүсүндөгү унааны жаӊыртып жасап чыкты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Автоунаа 1951-жылы чыгарылган. 2003-жылы бул унааны кошунабыздан сатып алганбыз. Ага атасынан калыптыр. Учурда ал унааны 12 миң долларга баалап жатабыз. Анын кузовунун түзүлүшү — седан, кыймылдаткычынын көлөмү — 1,1 литр. Бензин менен жүрөт», - деди ал.

Александр Пшеничный Кара-Балта шаарында 1960-жылы төрөлгөн. Ал эски унааларды жаӊыртып жасоону жактырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1065
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу